• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

10 айда мамлекеттик мүлктү башкаруудан түшкөн киреше 20,5 млрд сомдон ашты

Экономика 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттиги тарабынан мамлекеттик мулктү башкаруу боюнча натыйжалуу иштердин жыйынтыгында бюджетке түшүүлөр боюнча тарыхый көрсөткүчкө жетиштик. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Медер Машиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө мамлекеттик мүлктү башкаруудан түшкөн киреше 20 млрд 536 млн сомду түздү, анын ичинде:
- дивиденттерлен – 16 млрд 770,1 млн сом;
- мамлекеттик ишканалардын кирешесинен - 201,2 млн сом;
- мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн – 142,3 млн сом;
- менчиктештирүүдөн – 2 млрд 68,2 млн сом;
- финансылык эмес активдердин эсебинен акциялардын мамлекеттик пакети боюнча чегерилген дивиденддер - 1 млрд 335,5 млн сом;
- жана башка кирешелер – 11,2 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий