• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акенеев: Жеңил өнөр жай тармагына азыркыдай көңүл бурулуп турса келечекте 5-6 эсеге чейин өсөт

Экономика 0

- 2017-жылдын январь-июнь айларына өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү 2272,3 млн. долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,8 %га көп болгондугу маалым болду. Сандардын мындай жыйындысы реалдуу жыйынтык деп эсептейсизби?

- Албетте, мындай сандардын жыйындысы абдан реалдуу көрсөткүч деп айта алам. Анткени, мындай көрсөткүчтөр улуттук статистикалык комитети тарабынан расмий түрдө далилденген көрсөткүч деп эсептейм. Туура бир жарым ай мурун биздин президент Россияга мамлекеттик сапар менен барганда эки тараптуу жолугушууда Владимир Путин “биз быйылкы 5 айдын ичинде былтыркы 5 айга салыштырмалуу 2 жарым эсе көп айыл чарба азык-түлүктөрүн жана жеңил өнөр жай продукцияларын сатып алдык” деп айтты. Мына көрдүңөрбү, бир эле мамлекет далилдеп жатат биздин тышкы сооданын кандай деңгээлде жүргүзүлгөндүгүн. Расмий тарап январь-июнь айларына карата жогорудагы 15,8 % өсүш болгондугун, менимче, орто эсеп менен берип жатат. Негизинен алардын берген көрсөткүчтөрү реалдуу.

- Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 5 айында өлкөбүздөгү импорттун көлөмү 10,9% жогорулагандыгын расмий органдар да тастыктоодо...

- Бул ишеничтүү маалыматтардан. Себеби, ИДПнын көлөмү соңку убакта көбөйүп жатат. Мындайча айтканда, өлкөдөгү экспорт-импорт көбөйгөндө көбөйөт эмеспи. Андыктан, сен атаган расмий органдардын тастыктоосуна ишенсек болот. Маселен, биздеги жеңил өнөр жай Кытайдын кездемесинен, топчусунан келип жатпайбы. Ошого удаа бизде жеңил өнөр жай өсүп жатат. Ошол эле күйүүчү май, буудай өңдүү товарлар сырттан Казакстан, Россиядан келүүдө. Андыктан, мындай маалыматтарга ишенсек болот.

- Экспорттун көлөмү жеңил өнөр жай тармагында сыртка чыккан товарлардын саны көбөйгөндүктөн улам 33,3 %, бут кийимдер 2,1 эсеге, кургак мөмөлөр 2,8 эсеге, монетардык эмес алтын 41,3 эсеге дейре көбөйгөн. Бул сандардын өсүшүнө ишенүүгө болобу?

- Бизде жеңил өнөр жай ассоциациясы бар эмеспи. Бул ассоциацияны убагында өнөр жай, энергетика министринин орун басары болуп иштеген Сапар Асанов деген жигит башкарган. Дал ушул Сапар Асановдор сен атаган сандардан да жогору көрсөткүчтөрдү айтып жатышат. Жеңил өнөр жай тармагындагы экспорттор тууралуу. А негизи реалдуу көрсөткүчтөр туура эле. Биз реалдуу экономиканы көмүскөдөн чыгара албай жатабыз. Чындыгында кийим тигүүчүлөрдүн саны да, көлөмү да соңку убакта көбөйдү. Азыр кийим тигүү менен алектенген ишкерлер ар кандай жер төлөө, майда-барат имараттарга батышпай, азыр өкмөттүн жардамы менен Военно-Антоновка айылынан 40 гектар жер өкмөт “Технополис” курууга бөлүп берди. Мындан тышкары Ленин заводунун аймагын да кийим тигүүчүлөргө беришип, жеңил өнөр жайчыларга абдан камкордуктарды көрүштү. Мындай темп менен буюрса жеңил өнөр жай тармагы келечекте 5-6 эсеге чейин өсмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий