Бишкек. 10.12.23./Кабар/. Кыргызгидромет борбору 10-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Абанын температурасы Чүй облусунда 0…-5, Талас облусунда -2…-7, Ысык-Көл облусунда -2…+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +3…+8, Нарын облусунда -4…+1 градус болушу күтүлөт.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы -2…-4 градус болот.
Пикир
Оставить комментарий