• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

10-январга карата Кыргызcтанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 10.01.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 10-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда -5...-10, Талас облусунда -7...-12, Ош, Жалал-Абад, Баткен, жана Ысык-Көл облустарында -3...-8, Нарын облусунда -12...-17 градус суук болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаап, абанын температурасы -7...-9 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий