• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

"Ош электр тармактар" ишканасына авариялык өчүрүүлөрдү болтурбоо тапшырмасы коюлду

Аймак 0

Бишкек, 10.01.23. /Кабар/. "Ош электр тармактар" ишканасына жер-жерлерде авариялык өчүрүүлөрдү болтурбоо, элге сапаттуу электр энергиясын жеткирүү тапшырмасы коюлду. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Ош облусунда аталган ишкананын кызматтык жамааты менен жыйын өткөргөн учурда айтылды.

Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйынга министрдин орун басары Таалайбек Толубаев, «КУЭТ» ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков жана Ош облусундагы бардык райондук электр тармактар ишканасынын жетекчилери катышты.

Жолугушуунун алкагында ишкананын 2022-2023-ж.ж. күз-кыш мезгилдеринен авариясыз жана ийгиликтүү өтүү үчүн электр тармактардагы даярдыктары жана учурдагы абалы туралуу малымат берилди.

Мындан тышкары, "Ош электр тармактар" ишканасынын директору Э. Ысманов ишкананын 2022-жылга болгон финансы-чарбалык отчетун тапшырып, калкты үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоо, оперативдүү тейлөө маселелери көтөрүлүп, 2023-жылга коюлган негизги пландарды айтып өттү.

Жыйындын соңунда энергетика министри Таалайбек Ибраев "Ош электр тармактар" ишканасына жер-жерлерде авариялык өчүрүүлөрдү болтурбоо, элге сапаттуу электр энергиясын жеткирүү, авариялык абал катталса "Ыкчам бригадалык топко" бардык шартты түзүү жана райондук электр тармактар ишканаларын керектүү жабдыктар жана атайын техникалар менен камсыздоо тапшырмасын койду.

Пикир

Оставить комментарий