• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чек арадагы атышуу. Баткендин бир катар көчөлөрү жабылды

Аймак 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууга байланыштуу Баткендин бир катар көчөлөрү жабылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, саат 11:00гө карада унаалардын өтүүсүнө төмөнкү жолдор жабылды:

- Ош - Баткен - Исфана унаа жолунун 216,5 чакырымы (Чоң-Талаа), 265 чакырымы (Кара аймагы), 272 чакырымы (Төрт-Көчө жерлиги);
- Баткен - Кара-Бак, Баткен - Кызыл-Бел унаа жолунун участогу;
- Лейлек районунун Кайрагач-Кулунду-Арка унаа жолунун тилкеси, (Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун эски багытынын 340-346-чакырымы).

Эвакуация жолдору: Төрт-Көл - Достук (Кара-Бак айылы), Ак-Сай - Рават, Миң-Булак - Чорго - Ак-Сай, Көк-Таш - Ак-Терек.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

Кечээ, 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

Бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Саат 08:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасынын, Лейлек районундагы Кулунду, Достук, Максат, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин жана Жаңы-Жер аймактарынын тургундары коопсуз жерге эвакуацияланууда.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болууда.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда буга чейин эки аскер кызматкери жана үч жай тургун (бирөө 11 жаштагы өспүрүм) жабыркаганы айтылган. Бүгүн, 16-сентябрда төрт жоокер жана 18 жабыркаган жаран бар экени маалым болду.

Пикир

Оставить комментарий