Бишкек, 10.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-ноябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин Бишкек шаарынын Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарына таза суу берүү токтотулат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, суу "Ак-Жар", "Ак-Бата" суу алгычтарында жана шаардын суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.
Бүгүн Бишкектин үч конушуна суу берүү токтотулат
![](/site/assets/files/96639/1667973350_large.730x0.jpeg)
Пикир
Оставить комментарий