• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Салык кызматынын лотереясы: Башкы байгени Сүлүктүнүн тургуну утуп алды

Коом 0

Бишкек, 30.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын үчүнчү турунун жеңүүчүлөрү аныкталды.

Бүгүнкү, 30-декабрдагы оюнга 18 млн 844 миң 542 лотереялык ID-билет менен 176 миң 896 адам катышты. Үчүнчү турда 52 белек: 12 даана iPhone 13, 11 Samsung смартфону, 5 кир жуугуч машина, 5 муздаткыч, 5 телевизор, 5 чаң соргуч, 6 микротолкундуу меш, Бишкектен бир бөлмөлүү батир, 2 электромобиль ойнотулду.

Лотереянын эң негизги байгеси болгон батирди Сүлүктү шаарынын тургуну Чынара Каныбек кызы утуп алды. Мындан сырткары, 51 белек өз ээлерин тапты.

Пикир

Оставить комментарий