• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

10-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 08.10.24. /Кабар/. 10-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, "Запад-2" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 10-октябрда саат 9:00дөн 00:00дөн чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта суу өчүрүлөт:

  • Ала-Арча суусу- темир жол - Жибек -Жолу пр. - Ж. Гвардия бульвары;
  • Жаш Гвардия бульвары - темир жол –Фрунзе көчөсү.– Манас проспектиси;
  • Ден Сяопин проспектиси - Ала-Арча суусу – Бөкөнбаев– Кулиев – Москва –Фучик –Казаков көчөлөрү;

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий