• 87.9
  • 95.55
  • 0.99

Мамлекеттик бажы кызматынын колл-борбору ишке кирди

Коом 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын колл-борбору пилоттук режимде ишке киргизилди.

Ведомстводон билдиришкендей, колл-борбор тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн жана кызыкдар жактардын кайрылууларына ыкчам реакция кылуу максатында уюштурулган.

Колл-борбор тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына жана кызыкдар жактарга бажы кызматынын ишмердүүлүгүнө тиешелүү суроолор боюнча маалыматтык-консультациялык кызматтарды көрсөтөт.

"Колл-борбордун иштөө убактысы иш күндөрү саат 9:00-18:00ге чейин. Маалымат алуу үчүн 1240 кыска номери аркылуу, ошондой эле, Whatsapp социалдык түйүнү (0500 91-08-50) жана Бажы кызматынын расмий веб-сайтындагы онлайн чат аркылуу байланышууга болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий