• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Австралиялык адистер Кыргызстандын эки футбол академиясына техникалык директор болуп дайындалды

Спорт 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Австралиялык адистер Кыргызстандын эки футбол академиясынын техникалык директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.

Кызматташтык FIFA Talent Development Scheme программасынын алкагында ишке ашууда. Ошентип, Александр Бауэр Бишкектеги "Илбирс" академиясынын, ал эми Искендер Ишчакар Оштогу А.Момунов атындагы футбол академиясынын техникалык директору болуп дайындалды.

Аталган адистер өнүгүү үчүн зарыл шарттарга ээ болгон жана келечекте жаш футболчуларды даярдоочу футбол борборлоруна айландырыла турган академияларда кызматтка киришти. Алардын негизги милдети –машыктыруучулар үчүн окутуу методологиясын иштеп чыгуу жана жогоруда аталган академияларда техникалык өнүгүү стратегиясын үстүнөн иштөө болуп саналат.

Александр Бауэр жана Искендер Ишчакар UEFA "A" Elite Youth лицензияларына жана Европанын футбол клубдары менен академияларындагы көп жылдык иш тажрыйбасына ээ.

Пикир

Оставить комментарий