• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто коопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү

Аймак 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев коопсуздукту жана укук тартипти камсыздоо боюнча координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү, деп билдирет мэриянын басма сөзь кызматы.

Күн тартибинде Ош шаарынын аймагында табигый жана техногендик мүнөздөгү кырсыктарды алдын алуу боюнча КРнын ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын аткарып жаткан иштери, президенттин “Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, өрт коопсуздугун сактоо боюнча маселелер каралды.

Ошондой эле жаңы жылдык майрам, эс алуу күндөрү тиешелүү органдар жана кызматтар менен биргеликте эл көп чогулган жерлерде, кооптуу деп табылган имараттарда анын ичинде базарларда, тамактануучу, соода-сатык жайларда өрт коопсуздугунун ченемдерин жана эрежелерин сактоо боюнча профилактикалык иш-чараларды жана түшүндүрүү иштерин күчөтүүнүн зарылдыгы белгиленди.

Соңунда ведомстволор аралык байланыштарды күчөтүү, биргеликте тыгыз иш алып баруу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий