• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда колледж жана кесиптик лицейлердин студенттери арасында WorldSkills таймашы өтөт

Билим 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда колледж жана кесиптик лицейлердин студенттери арасында WorldSkills таймашы өтөт

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, аталган таймаш 26-декабрда республиканын облустарында жана Бишкек шаарында “Мода технологиясы” адистиги боюнча билим алып жаткан студенттер арасында башталат.

Сынакка республика боюнча 51 окуу жайы, анын ичинде 9 колледж жана 42 кесиптик лицей катышат.

Сынактын жыйынтыгы менен республикалык деңгээлдеги сынакка катышуу үчүн 8 билим берүү мекемеси тандалып алынат. Улуттук деңгээлдеги жеңүүчүлөр 2024-жылдын 10-15-сентябрында Франциянын Лион шаарында өтө турган эл аралык сынакка барышат.

Мелдештин өтүү убактысы: саат 8:00дөн 18:00гө чейин.

Өтүүчү орду:

  • Бишкек ш., И.Раззаков атындагы КМТУга караштуу ПК, Ч.Айтматов пр., 62;
  • Ош ш., Ош ИПК, Г.Айтиев көч., 4, ОшМУнун жатаканасынын имараты;
  • Жалал-Абад ш., ЖАМУ караштуу ЖАК, Токтогул көч., 16;
  • Кызыл-Кыя ш., Тоо-техникалык колледжи, Школьная көч., 27;
  • Балыкчы ш., ЫКИПК, Аманбаев көч., 208.

Сынактын максаты - заманбап эмгек рыногунун талаптарына ылайык квалификациялуу кадрларды даярдоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий