• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Азербайжандык адистер эки мектептин STEAM класстарынын долбоорун даярдоодо

Билим 0

Бишкек, 22.12.22. /Кабар/. Кечээ, 21-декабрда билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов азербайжандык адистер менен жолугушуп, Гейдар Алиев жана Низами Гянджави атындагы мектептердеги STEAM класстарынын долбоорун талкуулады.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиргендей, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы келишимдин алкагында Гейдар Алиев атындагы №20 мектепте жана Низами Гянджави атындагы №103 мектепте заманбап жабдуулар менен жабдылган STEAM борборлору түзүлөт.

"Борборлордун долбоорун түзүү үчүн Бишкекке STEAM Azerbaijan долбоорунун кызматкерлери Фазил Бабаев жана Орхан Гурбанов келди. Алар 21-декабрда №20 мектептин имаратын көрүп, өлчөөлөрдү жана сүрөттөрдү тартып, физика, химия, биология жана технология кабинеттерин кантип жабдууну чечишти. Ал эми бүгүн алардын №103 мектепке барары пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: STEAM Azerbaijan долбоору 2019-2020-окуу жылында Биринчи вице-президент Мехрибан Алиеванын демилгеси жана Азербайжан Республикасынын Билим берүү министрлигинин Билим берүү институтунун колдоосу менен башталган.

Пикир

Оставить комментарий