• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Мектептерге диндердин өнүгүү тарыхы боюнча окуу китептери октябрдын аягына чейин жеткирилет

Билим 0

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. Өлкөнүн мектептерине диндердин өнүгүү тарыхы боюнча окуу китептери октябрь айынын аягына чейин жеткирилет. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Самаркүл Умралиева билдирди.

Анын айтымында, бул сабак билим берүү системасына быйыл 9-класстын окуучулары арасында киргизилген.

“Балдарга тандалып алынган жана атайын даярдалган 2 миң 200дөн ашуун педагог-теологдор жана тарыхчылар сабак берет. Окуу китептери бар, алардын баары жакында таратылат”, - деди Самаркүл Умралиева.

Китеп басып чыгарууну өнүктүрүү секторунун башчысы Самат Тоялиев кошумчалагандай, китептер 120 миң нуска, анын ичинен кыргыз тилинде 72 миң 500, орус тилинде 42 миң 300, өзбек тилинде 8 миң 300, тажик тилинде 280 нуска менен басылып жатат.

“Бардык китептер ушул айдын аягына чейин жеткирилет. Окуу китептери жетиштүү көлөмдө”, - деди адис.

Пикир

Оставить комментарий