• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кадамжайда милиция кызматкери параны кайтарып жатканда кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. Баткен облустук прокуратурасы тарабынан Кадамжай райондук милициясынын улук ыйгарым укуктуу адамы (участковый) М.Б. кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган милиция кызматкери арыздануучу жарандардан жол кырсык фактысын жашырып, оң чечим кабыл алуу менен жоопкерчиликке тартпоо үчүн мурда 40 миң сом пара катары акча алган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (“Пара алуу”) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-иликтөө аракеттеринин жыйынтыгында М.Б. мурда пара катары алган 40 миң сомдун ичинен 22 миң сом акча каражатын арыздануучуга кайтарып жаткан учурда кармалып, Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына шектүү катары киргизилди.

Кармоо УКМКнын Баткен облустук башкармалыгынын жана Баткен ОИИБнин ИИКнын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий