• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда бир жумада 19,1 миң жол эрежесин бузуу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында бир жумада 19 миң 158 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын (ЖКККББ) сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында ЖКККББ кызматкерлери рейддик иш-чараларды өткөрүп жатат.

Акыркы жумада аныкталган бузуулардын ичинен:

- транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашкандыгы үчүн – 3 миң 467;

- транспорт каражаттарын тиешелүү документи жок башкаргандыгы үчүн – 131;

- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 7 177;

- транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 26;

- автоээнбаштык – 4;

- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 812;

- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 157;

- жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 6 691;

- айдоочунун маңдайкы терезеси жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал терезелери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 77;

- мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 99. Унаа токтотуучу жайга 685 автоунаа токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий