• 88.68
  • 95
  • 0.95

Наркы $7 млн. Лейлек районунда кичи ГЭС курулууда

Аймак 0

Бишкек, 16.12.21./Кабар/. Козу-Баглан дарыясынын жээгиндеги Лейлек районунун Катран айылында жергиликтүү инвестордун колдоосу менен кубаттуулугу 6 мегават болгон кичи ГЭС курулуп жатат. Курулуштун жалпы баасы 7 млн долларды түзөт.

Учурда курулуштун биринчи фазасынын 80 пайызы аяктады. Кичи ГЭСтин курулушу аяктагандан кийин айылдын көптөгөн социалдык көйгөйлөрү чечилип, айыл эли жаңы жумуш орундары менен камсыз болот. Курулуштун экинчи этабын 2022-жылы бүткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий