• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

«Кыргызиндустриянын» президенти Жарасул Абдураимов: Өндүрүштү өнүктүрүүгө мезгил келип жетти

Маек 0

2023-жылдын 15-декабрында экинчи Элдик курултайдын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коому өлкөдөгү токтоп турган заводдорду жандандырып, кайрадан ишке киргизип жатат» деп айтты. Мындан улам, «Кыргызиндустрия» ААК учурда кандай иш алып барып жатат, анын негизги максаты кандай? Бул тууралуу аталган компаниянын президенти Жарасул Абдураимов менен маек курдук.

Жарасул Осмоналиевич, саламатсызбы! Экинчи Элдик курултайда президент өлкөдөгү алгылыктуу иштерди делегаттарга тааныштырып, Кыргызстанда бир катар ишканалар ишке кирди деп айтты. Алар кайсы ишканалар? Кыска аралыкта сиздердин компанияда кандай жетишкендиктер болду?

— Саламатчылык. Экинчи Элдик курултайдын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров өз сөзүндө индустрияга, өнөр жайга, анын ичинде биздин ишибизге басым жасады. Биз абдан ыраазы болдук.

«Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомунун 100% үлүшү мамлекетке таандык. Акционердик коом 2021-жылдын 24-декабрында Министрлер Кабинетинин №341 токтомунун негизинде түзүлгөн.

Биз ушул кыска мөөнөттүн ичинде 20 ишкананы ишке киргизип алдык. Алардын дээрлик бардыгы учурда ийгиликтүү иштеп, өз продукциясын берип жатат. Кыргызстандын ошол товарга болгон керектөөсүн жаап, айрымдары экспортко чыгып жатат.

Мисалы, президент атап кеткен: «Кыргызэлектроника» ишканасы дүйнөгө белгилүү болгон «Pantum» бренди менен көп функциялуу принтерлерди, учурда соода тармагына абдан керектүү болуп турган ККМ аппараттарын, телеприставкаларды, Wi-Fi роутерлерди, коммутаторлорду кураштырып, «Кыргызстанда жасалган» деген аталыш менен даярдап жатат. «Кыргызбетонкурулуш» ишканасы италиялык инновациялык «Emmedue» технологиясы менен тез убакытта курулуучу, салмагы жеңил, жылуулукту жакшы сактаган, үндү өткөрбөөчү сапаттарга ээ пенополистироль панелдерин өндүрүп, ири ишканалар менен келишимдерди түзүп иш алып барып жатат. Андан тышкары, «Кыргызфармтех» ЖЧКсы кореялык технология менен медициналык пластырь өндүрөт. Бүгүнкү күндө дарыканаларды жана ооруканаларды камсыздап жатышат. «Кыргызтопчу» ишканасы Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагына эң керектүү болгон топчу, сыдырма-бүчүлөрдү жасап чыгарууда. «Кыргызтемирмык» ишканасы мык, бурама, шуруптарды өзүбүздө өндүрүп, ички курулуш рыногун гана камсыздабастан, продукциясын экспортко жөнөтүп жатат. Биз атын атаган ишканалар «Кыргызиндустриядагы” ишканалардын чети гана. Мындай ар кыл тармакты камтыган жоопкерчилиги чектелген коомдордун саны учурда 20 нын тегереги. Алар өлкөнүн ар аймагында иш алып барууда.

Демек биз күнүмдүк жашообузга керектүү болгон товарларды башка өлкөлөрдөн сатып албастан, өзүбүздө да өндүрсөк болот экен да?

— Эмнеге болбосун? Сөзсүз болот. Бизге карата айрымдар: «Силер кичинекей, майда нерселерди жасап жатасыңар», - деген сындарды айтып келишет. Ар бир иш ошол майда нерседен башталат. Мисалы, буга чейин топчу, сыдырманы эле жылына Кытайдан 18 млн долларга импорттоп келип жатканбыз, андан тышкары ошол эле мык, принтерлер ж.б.у.с. продукциянын баары сырттан ташылып келчү. Азыр эми Кудайга шүгүр, ички рыноктун керектөөсүн толугу менен жаппасак да канча бир пайызын жаап жатабыз. Буга кеткен каражаттын баары чет жерге кетпей, өзүбүздө калып жатат. Андан тышкары, өзүбүздө гана сатылбастан, продукцияны экспортко чыгарып, экономикага өз салымыбызды кошуп жатабыз.

Дагы айта кетчү жагдай, Кыргызбетонкурулуш» ишканасынын панелдери учурда ири компаниялар арасында кызыгууну жаратып жатат. «Кыргызтопчу» ЖЧКсы башка ишканалар менен 1 млн сомго келишим түзүп, өз продукциясын сатууда, «Кыргыззоот» ЖЧКсы Кыргызстандан гана эмес, коңшу өлкөлөрдөн да буйрутмаларды алып, аскердик кийимдерди тигип жатышат. «Кыргызэлектроника» ЖЧКсы Казакстандын «Алма ТВ» телеканалына 12,5 млн сомдук телеприставканы сатууга жетишти. Учурда дагы буйрутмалар түшүп, иш жакшы уланып жатат.

«Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомунун алдындагы «Кыргызанимация» ишканасында кыска убакыттын ичинде таланттуу балдар -кыздарыбыз кыргыз тилинде 4 мультфильм тартып, презентациялоо алдында турушат. Бул тармак кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкон -киноиндустрия тармагы. Биз албетте мындай иштерди колдоого алышыбыз керек.

Учурда ишканалар өз ишин ийгиликтүү улантып жатышкан экен. Ал эми кадр маселеси кандай болуп жатат? Муну айткан себебим, көп жылдан бери завод – фабрикалар иштебей калды, азыр кесипкөй адистерди табуу да кыйын болсо керек.

— Сиз айткандай, көптөгөн мыкты кесипкөй адистерибиздин, бүгүнкү күндө жетишсиз болгон инженерлердин сыртка кетип калганы ырас. Бирок азыр да уучубуз куру эмес. Улуу муундан да, жаштардын арасынан да кесипкөй инженерлерибиз, адистерибиз бар. Биз алардын башын бириктирип чогултуп жатабыз. Чет элдик инвесторлор менен тең ата сүйлөшүп иш алып барган, иштин көзүн билген мыкты кыз -жигиттерибиз бар. Андан тышкары, ишканада ишке орношкон адистер сөзсүз түрдө ошол жабдыктарды иштеткен чет элдик ири заводдорго барып, атайын окуу курстардан өтүп, тажрыйба топтоп келишет. Ошол эле учурда чет элдик компаниялардын өкүлдөрү Кыргызстанга келип, биздин адистерди окутуп жатышат.

Мындан тышкары, биз Жогорку окуу жайлар менен тыгыз иш алып барып, студенттерге атайын экскурсияларды уюштуруп, ишканалардын иши менен жеринен тааныштырып жатабыз. Учурда, Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Урал, Сибирь шаарларындагы атайын техникалык окуу жайлар менен келишим түзүп, 150 абитуриентти бюджеттик негизде окууга жиберүү тууралуу келишим түздүк. Алар ошол жерден акысыз билим алып, жатакана, стипендия менен камсыз болуп, 5 жыл окуп келген соң, «Кыргызиндустрияга» келип ишке орношууга толук мүмкүнчүлүк алышат.

— Жаштарды жумушка орноштуруу жагын да колго алып жатыпсыздар. Учурда «Кыргызиндустрия» канча иш ордун түзүүгө жетишти?

— Сиз туура байкадыңыз. Азыр Кыргызстанда эн чоң көйгөйлүү маселелердин бири бул – миграция жана жумушсуздук маселеси. Союз убагында 15 республикада, анын ичинде Кыргызстанда да эң ири завод, фабрикалар иштеп, бир гана В.И. Ленин атындагы заводун алсак, бир убакытта 36 миң адам иш менен камсыз болуп турган.

Учурда «Кыргызиндустриянын» алдындагы ишканаларда 364 адам туруктуу иштеп жатат. Алардын арасында, мигрант болуп чет жерде иштеген жаштарыбыз көп. Албетте, айрымдары чет жерден көп нерсени үйрөнүп, тажрыйба алып, кесипкөй адис болуп келгендиги кубандырат. Бирок, мүмкүнчүлүк болсо, ар бир адам өз жеринде, өз элинде, үй-бүлөсүнүн кашында татыктуу жумушта иштеп, татыктуу маяна алганга эмне жетсин.

Биздин «Кыргызиндустриянын» эн башкы максаты, Министрлер Кабинетинин берген негизги тапшырмасынын бири - миграциянын санын кыскартуу, жаштарды жумуш орундары менен камсыз кылуу. Бул иштер жанданып жатат, буюрса жакынкы жылдары, кеминде 10 миң адамды иш менен камсыз кылуу планыбызда бар.

Ленин заводу деп калдыңыз. Заводдун аймагындагы ири имараттар Союз тарагандан кийин, талкаланып, тонолуп жараксыз абалга келгенин билебиз. Азыр алардын абалы кандай?

— Убагында күркүрөп иштеп турган В.И. Ленин атындагы заводдун ичиндеги имараттардын көбү сиз айткандай, талкаланып, таланып, тонолуп, жараксыз абалга кептелген. Анын ичиндеги айрым бир имараттарды Министрлер Кабинети «Кыргызиндустрия» ААКнын балансына өткөрүп берген. Учурда ал имараттардын көбүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, жогоруда биз айткан ишканалар жайгаштырылды. Дагы бир нече имараттарда оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Оңдоодон өткөндөрүнө ишканалар ачылып, жабдыктар орнотулуп, алардын бардыгында өзүбүздүн жарандарыбыз иштеп жатат.

— Ишканаларга жабдуулар кайдан алынып келип жатат? Келечекте дагы кандай пландарыңыздар бар?

— Биз ар бир ишкананы ачуудан мурун, атайын программа түзүп, ал долбоор канчалык деңгээлде иштеп кете алат аны дыкат изилдеп чыгабыз, ишкана ачам деп келген ишкерлер менен сүйлөшөбүз. Бул продукция рынокко керекпи? Бизде керектүү сырье барбы? Ишкер иштин көзүн таап алып кете алабы? Мына ушуга окшогон суроо-талаптарды талдап чыгабыз. Ошону менен катар чет элдик ири ишканалардын иши менен таанышабыз жана бул долбоорубузду Министрлер Кабинетине сунуштайбыз.

Бизде бардык өндүрүштүк ишканалардагы жогорку сапаттагы жабдуулар Италиядан, Кытайдан, Түркиядан алынып келинген. Биз ушуну менен гана токтоп калбастан, азыр Salvanini автоматтык линиясы бар жабдыкты Кыргызстанга алып келүүнү пландап жатабыз. Эгерде бул жабдыкты алып келсек, темир, пластик буюмдардын бардыгын, айталы муздаткыч, кондиционер, брондолгон эшиктерге чейин өзүбүздө өндүрсөк болот. Андан тышкары, Президент Садыр Жапаров экинчи Элдик Курултайда айткан Sachman жүк ташуучу унааларын чыгаруу пландалып жатат. Ошондой эле учурда өтө популярдуу болуп, элдин кызыгуусун арттырып турган Электроунааларын да өзүбүздө кураштырып, сатыкка чыгарсак болот.

Ал эми сырье маселесин айта кетсем, Кыргызстан жаратылыш байлыктарга өтө бай өлкө. Алсак, биз кадимки курулушта колдонуп жүргөн базальт кендери бар. Аларды иштетсек эмнеге болбосун? Базальттан курулуш иштеринен баштап, самолеттун корпустарына чейин жасалат.

Өзүңүздөр билгендей, убагында мурдагы В.И.Ленин заводунан аскердик курал жарак, тактап айтканда ок чыгып турган. Октун жасалышын изилдесек, өзүбүздүн пахтадан октун дары -дармегин (порох) чыгарса болот экен. Ошол эле окту чыгаруудагы нитроглицеринди деле эч кыйынчылыксыз өзүбүздө өндүрсөк болот.

Учурда «Кыргызфарфор» ишканабыз да өзүбүздөгү фарфордон продукция өндүрөбүз деп турат. «Кыргызкерамзит» заводу негизги чийки зат (сырьё) Беловодск айылында жайгашкан заводдон 30 чакырым аралыктагы Ак-Суу капчыгайынын Бултеке кенинен алып иштетип жатышат. «Кыргызкыш» ЖЧКсы Жалал-Абаддагы чопо кениндеги сырье менен жогорку сапаттагы кыш өндүрүп жатат. «Кыргызбахча» ишканасы өзүбүздө өскөн табигый мөмө-жемиштерди кургатып, таңгактап, башка өлкөлөргө экспорттоп жатат. «Көк -Алма» ишканасы табигый булак суусун бөтөлкөлөргө куюп, «Аква Арстанбап» аталыштагы газдалган жана газдалбаган сууну кыргыз бренди менен чет мамлекеттерге таанытып, жумуш орундарын түзүүдө. «Жемиш кампа» ишканасы айыл чарба продукциясын көп убакытка сапаттуу жыл бою бузулбагандай кылып сактап берип жатат. Башкача айтканда, бизде потенциал абдан жогору. Ишканалар иштеш үчүн, сөзсүз эле сырттан сырье ташып келүүнүн кажети жок, керектүү чийки заттар өзүбүздө бар, биз ошону гана туура пайдаланып иштетүүбүз керек.

Ишканаларды ачууда инвесторлор керек экендиги баарыбызга маалым. Инвестиция маселеси кандай каралып жатат?

— Албетте, ишкананы ачууда эң биринчи инвестиция керек. Биз жаңы ачылганда, ишкерлер да, инвесторлор да: «Булар кандай иштеп кетет?» дегендей ишенбөөчүлүк көз карашта болушту. Азыр биз ишеничке кирдик, учурда чет жерден биз менен иштешебиз деген инвесторлор көп келүүдө. Албетте алар менен иш алып барып жатабыз. Бирок ошол эле учурда, жергиликтүү инвесторлорду колдоого алып, аларды тартышыбыз керек. Себеби, сырттан келген инвестор, Кыргызстанга 1 сом салса, кайра 3 сом алып кетсем дейт. Андыктан, өзүбүздүн ата-мекендик ишкерлер келип биз менен иштешсе, экономикабыздын өнүгүшүнө мындан да чоң салым кошулат деп ишенебиз.

Кызыктуу маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Маектешкен Нурзат Жумалиева

Пикир

Оставить комментарий