• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Штефан Тарковичтин КР футбол курама командасынын алдыдагы пландары тууралуу маеги

Маек 0

Кыргыз футбол союзунун кеңсесинде Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичтин алгачкы маалымат жыйыны өттү. Жаңы башкы машыктыруучу команда кандай тактика менен иштей турганы, Азамат Байматовдун кайтып келиши, ошондой эле келишимди узартуу мүмкүнчүлүгү тууралуу кенен айтып берди.

Команданын биринчи таасири

Штефан Таркович Кыргызстанга май айынын башында жардамчысы Карл Праженица менен бирге келген. Кыргызстандын футбол союзу менен улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу кызматына келишим түзгөндөн кийин словакиялык адис жергиликтүү чемпионаттын оюндарын көрүп, айдын ортосунда кеңейтилген курамды тааныштырды.

Андан кийин жаңы кызматтагы ишин баштаганы тууралуу айтып, Кыргызстандын жаш футболчуларынын келечеги кең экенин белгиледи.

“Жардамчым Карл Праженица менен бирге Кыргызстанга жергиликтүү чемпионаттын оюндарын көрүү жана инфраструктура менен таанышуу үчүн бир топ эрте келдим. Жакында эле физикалык даярдык боюнча машыктыруучубуз Мартин Руснак келип шарттар менен таанышты. Биз үчүн жергиликтүү менталитетти түшүнүү жана оюндарды өткөрүү боюнча негизделген чечимдерди кабыл алуу үчүн талаадагы оюнчуларды көрүү маанилүү. Жалпысынан машыктыруучу катары алган таасирим тууралуу айта турган болсом, Кыргызстанда футболдо келечеги кең жаш оюнчулар көп деп айта алам”, — деди Таркович.

Ошондой эле машыктыруучу чет элдик клубдарда ойногон кыргызстандык футболчуларды изилдегенин жана улуттук кураманын көпчүлүк оюнчуларын түз эфирде көрүп жүргөнүн белгиледи.

"Жаңы машыктыруучу катары мен командага жаңы нерселерди алып келем", — деп ишендирди ал.

Келишим узартылабы?

Штефан Тарковичтин келишими 2024-жылдын 30-июнуна чейин түзүлгөн. Аны узартуу мүмкүнчүлүгү команданын Азия Кубогундагы жана 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугуна тандоо этабындагы көрсөткүчтөрүнө жараша болот.

Башкы машыктыруучу түшүндүргөндөй, бул аралыкта ал жана Кыргыз футбол союзу мындан аркы кызматташтык үчүн талаптар жана мүмкүнчүлүктөр шайкеш келерин, же келбесин аныктай алышат.

Кыргызстандын футбол союзу менен сүйлөшүүлөр тууралуу

Кыргызстандын футбол союзунун жетекчилиги жаңы машыктыруучу менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин Тарковичке жакшы таасир калтырдган.

"Мен абдан амбициялуу адамдарды жолуктум. Кыргыз футбол союзунун техникалык директору, башкы катчысы жана президенти менен сүйлөшүүлөрдөн кийин менин таасирлерим, күткөндөрүм акталды жана туура чечим кабыл алдым деп ишенем. Мен алардын өнүгүүгө умтулуусун, кандай аракеттерди көрүп жатканын көрүп турам жана биргелешип ийгиликке жетебиз деп ойлойм", - деди Таркович.

Азамат Байматовду улуттук курамага чакыруу

"Менин оюмча, командада жалпы командадан маанилүүрөөк оюнчу болбошу керек. Бул мага да тиешелүү. Менин милдетим – командага эң пайдалуу жана жөндөмдүү оюнчуларды алып келүү. Өткөн оюндарды талдап көрсөм, улуттук курама команда өз дарбазасына 9 гол өткөрүп жиберсе, анын алтоосу стандарттан киргизилген. Андыктан бизге спорттук жөндөмү жакшы, жогорку борбордук коргоочулар керек. Менин оюмча, Азамат бул кызматка абдан туура келет, - деди башкы машыктыруучу.

Ал келечекте ар бир оюнчунун мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу түрдө жогорулатуу жана алдыдагы квалификациялык оюндарда командага пайда алып келүү үчүн натыйжалуу позицияларды табууну пландап жатканын кошумчалады.

Оюндун стили жөнүндө

Бул суроого жооп берип жатып, машыктыруучу тактиканы курууда үч фундаменталдуу фактордон: күчтүү командалык духтан, өз ара ишенимден – өз ара сыйлоодон жана тартипке таяна турганын белгиледи.

"Менин футболго болгон көз карашым тең салмактуулук. Биз оюндардын акыркы серияларын абдан кылдаттык менен изилдеп чыктык жана азыр кайсы пункттарды жакшыртуу керектигин талкуулап жатабыз. Мен биздин команданын күчтүү жактарын күчтөндүргөнгө аракет кылам – бул комбинацияланган оюнга, чабуулдук оюнга жана анын бүтүшүнө тиешелүү. Анан албетте, биз гол киргизүү боюнча рекордубузду жакшыртып, ал эми аны өткөрүп жиберүү мүмкүнчүлүгүбүздү жок кылышыбыз керек", - деп түшүндүрдү Таркович.

Ошондой эле башкы машыктыруучу жергиликтүү командалардын беттештерин көрүп жатып, оюнчулардагы бир катар кемчиликтерди байкаганын, аларды биринчи кезекте жоюу керектигин баса белгиледи. Бул тартипти чыңдоо, оюн эрежелерин сактоо жана калыстар менен болгон талаш-тартыштарды жоюуга тиешелүү.

Тил тоскоолдуктары жөнүндө

"Мен ал жөнүндө ойлондум. Бирок, котормочу аркылуу иштегим келбейт. Кээ бир оюнчулар англисче сүйлөшөт, мен алар менен сүйлөшүүгө жетиштим. Машыктыруучулар штабындагы жардамчыларым да англисче сүйлөшөт, Словакиядан келген жардамчым Карл Праженица орус тилин жакшы билет. Футбол бул эл аралык оюн жана мен эч кандай көйгөй болбойт деп ишенем", - дейт машыктыруучу.

Сүйүктүү командасы жана хоббиси жөнүндө

"Мен бала кезимден бери "Реал Мадриддин" күйөрманымын. Мен үчүн эң мыкты машыктыруучу бул Карло Анчелотти. Оюнчулардын ичинен мен бирөөнү бөлүп айта албайм, анткени ар бири өз жолу менен уникалдуу. Бирок алардын айрымдары менен бир талаада ойноо бактысы мага тийгениме сыймыктанам.

Хоббиге убактым жок, бирок эки жыл мурун гольф ойной баштагам. Мен Бишкектин абалын изилдеп көрдүм, бул жерде талаа бар экенин билем. Мен ойногонго убактым болот деп үмүттөнөм", - деп бөлүштү машыктыруучу.


Штефан Таркович жетектеген улуттук кураманын алгачкы машыгуу сбору 1-июндан 9-июнга чейин Бишкекте өтөт. Андан соң команда Борбордук Азиядагы биринчи турнир – CAFA Nations Cup 2023 турниринин тайпалык баскычында Иран жана Ооганстандын курама командалары менен беттешет.

Сүрөттөр: Кыргыз футбол союзу

Пикир

Оставить комментарий