• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын аймагында динозаврдын калдыктары табылды

Коом 0

Бишкек, 25.05.23. /Кабар/. Таш-Көмүр шаарынын түштүк тарабында динозаврдын калдыктары табылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине окумуштуу Жумакадыр Карамолдоев билдирди.

Анын айтымында, калдыктар мезозой тектерине таандык.

“Калдыктар арасында байыркы жаныбардын шыйрактары жана омурткалары бар. Болжол менен динозаврдын бою 2,5 метр, узундугу 8 метрди түзөт. Казуу иштери немис окумуштуулары тарабынан жүргүзүлүүдө, жакын арада динозаврдын калдыктарынын башка бөлүктөрү табылышы мүмкүн”, - деди окумуштуу.

Пикир

Оставить комментарий