• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Жакынкы күндөрү «Кумтөр» кенинде өндүрүш иши жанданат

Коом 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Жакынкы күндөрү «Кумтөр» кенинде тоо-өндүрүш иши жанданат. Бул тууралуу тоо-кен металлургия профсоюзунун төрагасы Элдар Тажибаев билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү чечимди мамлекеттик органдардан «Кумтөр Голд Компани» ЖЧКсы күн мурун алган. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети менен 2020-жылга карата Кумтөр кениндеги тоо иштерин өнүктүрүү боюнча план макулдашылган.

«Кендин Лысый жээк өрөөнүндө болгон кырсыктан кийин кендин үйүлгөн жараксыз катмары эми «Чоң Сары-Төр» жана «Кичи Сары-Төр» тилкелерине төгүлөт. Азыркы учурда өндүрүш иштерин баштоо үчүн даярдыктар жүрүп жатат», - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, «Кумтөр» кенинде эки кызматкердин жоголушуна байланыштуу кенде убактылуу иштер токтотулган болчу.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 1-декабрында эртең мененки 5:43тө Лысый жээк өрөөнүндөгү кендин үйүлгөн жараксыз катмары кескин түрдө жылган. Ошол учурда аймакта тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн операторлору иштеп жаткан. Тоо кен бөлүмүнүн мастерлери диспетчерлерге үйүлгөн катмардын жылганы тууралуу маалыматты бергенден кийин, токтоосуз тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн бардык кызматкерлерине коопсуз аймакка эвакуациялоо тууралуу сигнал берилген.

Өндүрүштөгү зарылчылыкка байланыштуу токтоосуз эвакуациялоо тууралуу сигнал түшкөндөн кийин коопсуз аймакка алып чыгуу максатында тоо кен бөлүмүнүн мастерлеринин бири О.Ишенбеков Форд пикап үлгүсүндөгү кызматтык унаа менен көтөрүлүп, бульдозердин машинисти Ж.Жунушовду алып чыгышы мүмкүн. Бирок тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн эвакуацияланган кызматкерлери чогулган жерде тоо кен бөлүмүнүн мастерлеринин бири О.Ишенбеков жана бульдозердин машинисти Ж.Жунушов жок болуп чыккан, алар рацияга да жооп берген эмес.

Ошентип, тоо кен бөлүмүнүн мастери О.Ишенбеков жана бульдозердин машинисти Ж.Жунушов дайынсыз болуп, табылган жок.

Пикир

Оставить комментарий