• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандагы мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты өтүүдө

Билим 0

Бишкек, 25.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 25-майда Кыргызстандагы мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты өтүүдө.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан боюнча быйыл 9-11-класстарды 180 миңден ашуун бүтүрүүчү аяктайт. Алардын 70 миңге жакыны 11-классты бүтүрүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Билим берүү министрлиги тарабынан ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө мыйзамсыз түрдө акча жана башка чогултууларды жыйноого, ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелеринин катышуусунда акыркы коңгуроо салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салынган.

КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгы ата-энелерге кайрылып, балдарына автоунаа бербөөгө чакырган.

Пикир

Оставить комментарий