• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Билим берүү министри “Катар Черити” кайрымдуулук фондунун директору менен жолукту

Билим 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Бүгүн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев “Катар Черити” Катар кайрымдуулук фондунун директору Алсамман Мохамад Хомаманы кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты дагы бекемдөө жана кеңейтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн кеңири спектрин белгилешти.

Өзүнүн алгы сөзүндө министр Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын инфраструктурасын жакшыртууга кошкон зор салымы үчүн “Катар Черити” фондуна чын ыкластан ыраазычылык билдирди. Ал ушул тапта Кыргызстандын аймактарында жана шаарларында мектептердин жетишсиздиги маселеси орчундуу экенин белгилеп, ушуга байланыштуу Фонд мектептерди куруу зарылчылыгы абдан жогору болгон жерлерди эске алуу менен мектептерди куруу боюнча пландарды чогуу иштеп чыгууга ишеним артылганын билдирди.

Алсамман Мохамад Хомам бүгүнкү күнгө карата Кыргызстандын ар кайсы областтарында жана аймактарында 14 жалпы билим берүүчү мектеп жана 2 IT-лицей курулуп жатканын, курулуш иштери аяктагандан кийин Фонд аларды Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин карамагына өткөрүп берүүнү пландап жатканын маалымдады.

Андан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар:

- Кыргызстандын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүндөгү окуучуларды мектеп буюмдары менен камсыздоо;

- Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоо;

- жалпы билим берүүчү мектептерди зарыл болгон заманбап жабдуулар жана технологиялар менен жабдуу ж.б. боюнча эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда министр “Катар Черити” кайрымдуулук фондуна Кыргызстандын билим берүү системасына көрсөткөн колдоосу үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирип, мындан аркы жемиштүү кызматташууга үмүттөнөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий