• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстанда билим берүү инновацияларына арналган эл аралык конференциясы өтөт

Билим 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Кыргызстанда "Санариптик доордогу билим берүү стратегиялары жана инновациялар" аттуу II эл аралык конференциясы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара 8-10-сентябрга белгиленген. Ага КР билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев жана Монголиянын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Ньям-Очир Томор-Очир, ЮНЕСКОнун Эл аралык жогорку билим берүү институтунун жасалма интеллект долбоорунун жетекчиси Эмма Сабзалиеванын жана билим берүү жана маалымат технологиялары жаатындагы адистердин катышаары күтүлүүдө.

Конференцияны “Таалим-Форум” коомдук фонду жана КР Билим берүү жана илим министрлиги уюштуруп жатат. Конференциянын программасы менен бул жерден таанышууга болот - https://kix.taalimforum.kg/conference-ru/2023.

Ал эми онлайн катышууну каалагандан үчүн бул жерге кирип катталуу керек - https://clck.ru/35SwBL

Пикир

Оставить комментарий