• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кытай элчилиги Бишкектеги 10 бала бакчага материалдык жардам көрсөттү

Билим 0

Бишкек, 29.11.23./Кабар/. Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги Билим берүү жана илим министрлигине Бишкек шаарындагы 10 бала бакча үчүн материалдык жардамдарды өткөрүп берди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Материалдык жардамдарды Кытай элчиси Ду Дэвэнь КР билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага тапшырды.

Министр Догдуркүл Кендирбаева мамлекеттик саясат балдарды эрте куракта өнүктүрүүгө багытталып жатканын айтып, бул жааттагы Кытай Эл Республикасынын тажрыйбасы менен таанышууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Ошондой эле министр Кытай Эл Республикасынын билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары тыгыз кызматташтык уланарына ишеним артарын билдирди.

Элчи Ду Дэвэнь буга чейин билим берүүнүн бардык деңгээлине жардам берилгенин айтып, бул жолу бала бакчаларга керектүү материалдык жардамдар алынганын белгиледи.

Бул материалдык жардамдар Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө максатында берилди.

Материалдык жардамдардын тизмеси:
- 10 даана компьютер;
- 10 даана принтер;
- 10 даана телевизор;
- 130 даана балдардын образдуу элестетүүсүн өстүрүүчү оюнчуктар.

Пикир

Оставить комментарий