• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

ОшМУ Франциянын Пуатье университети менен кызматташат

Билим 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков жана эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев Франциянын Пуатье университетине барышты. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирет.

ОшМУ Пуатье университети менен “Ерасмус+ КА 171” программасынын алкагында эки тараптуу кызматташуу келишимине кол койду.

Келишимге ылайык, ОшМУнун окутуучулары жана студенттери мындан ары Пуатье университетинен бир семестр окуудан өтүп, семинар-тренигдерге катышп алат.

Жолугушууну жүрүшүндө ОшМУнун делегациясы окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, окуу процессинин уюштурулушу, административдик башкаруусу, илимий жана окуу лабораториясы, спорт комплектери, жатаканалары менен таанышты.

Мындан ары аталган окуу жай менен илимий долбоорлорду, кош дипломдуу билим берүү программаларын биргеликте ишке ашыруу боюнча кызматташуулар уланат.

Пикир

Оставить комментарий