• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бахрейндин элчиси: Байланыштарды чыңдоо. Эки тараптуу дипломатия аркылуу Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн белгилөө

Саясат 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Резиденциясы Пекин шаарында жайгашкан Бахрейн Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси д-р Мохамед Гассан Шайхо кыргызстандыктарды өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Элчинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун урматына, ушул тарыхый жана маанилүү окуяга байланыштуу, Кыргызстандын элине ысык салам жана чын дилимден чыккан куттуктоолорду жөнөтүүгө кубанычтамын. Ошол эле учурда, Бахрейн Падышалыгы дос жана өнөктөш катары Кыргыз Республикасынын прогрессин жана жетишкендиктерин белгилеп, өлкөнүн эбегейсиз потенциалын жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрүн тааныйт деп ишендире алам.

Биздин мамлекеттердин ортосундагы мамилелердин мыкты келечеги бар жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү бизге жетишилген ийгиликтер жана колдоо болгон потенциал жөнүндө ой жүгүртүүгө кошумча мүмкүнчүлүк берет.

Бул жылдар аралыгында Бахрейн менен Кыргызстан өз ара урмат-сыйга жана жалпы кызыкчылыктарга негизделген дипломатиялык байланыштарды чыңдап келе жатканын Гуманитардык жана жаштар иштери боюнча өкүлү, Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Улуу Даражалуу шейх Насер бин Хамад Аль Халифанын Кыргыз Республикасынын Президенти Улуу Мартабалуу Садыр Жапаров менен жакында болгон жолугушуусу далилдеп турат. 2023-жылдын июль айында «Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши-Борбордук Азия» Саммитинин алкагында өткөрүлгөн бул маанилүү жолугушуу биздин кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүгө бекемдөөгө умтулуубузду баса белгиледи.

Биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын тарыхы 1993-жылдын 10-майында расмий дипломатиялык мамилелердин орношу менен башталган. Ошондон бери биздин мамлекеттердин ортосунда бир катар расмий сапарлар болуп өттү, бул биздин өнөктөштүккө болгон умтулуубузду ырастады. Белгилей кетчү нерсе, 2023-жылдын 7-июлунда Бишкекке болгон иш сапарымда мен Улуу Мартабалуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго ишеним грамоталарымды тапшырганым жана Улуу Даражалуу Падыша Хамад бин Иса Аль Халифанын жана Улуу Даражалуу Мураскер Ханзаада, Премьер-министр Салман бин Хамад Аль Халифанын ысык саламын жеткиргеним маанилүү окуя болду. Бул окуя биздин элдерибизди бириктирген жылуу мамиленин жана достуктун байланыштарын мындан ары чыңдоого кызмат кылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мен Бахрейндин эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө биздин өлкөлөрүбүздүн кызыкчылыктарына мыкты кызмат кылууну кааларын белгиледим. Байланыштарды чыңдоого умтулуусун Улуу Мартабалуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров да айтып, Улуу Даражалуу Падыша жана Улуу Даражалуу Мураскер Хаанзада, Премьер-министрге саламын жана жакшы каалоолорун айтты.

Дипломатиялык аракеттерибиздин жыйынтыгында саясий кызматташуу боюнча бир нече келишимдерге кол коюлду жана каржы, спорт, туризм, маданият, аба каттамдары, биргелешкен комиссия түзүү боюнча кошумча меморандумдарга жана макулдашууларга кол коюу боюнча сүйлөшүүлөр улантылды. Бул биргелешкен кадамдар биздин көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулуубуздун тереңдигин баса белгилейт.

Бизди бириктирген окшоштуктар биздин кызматташуубуздун негизин түзөт. Бахрейн да, Кыргызстан да жарандарыбыздын бакубат келечегин камсыздоодо туруктуулуктун, тынчтыктын жана кызматташтыктын маанилүүлүгүн түшүнүшөт. Биздин кызматташтыгыбыз эки тараптуу байланыштардын чегинен чыгып, аймактар аралык кызматташтыкты, атап айтканда, «Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши-Борбордук Азия» Саммитинин алкагындагы өз ара аракеттенүүнү камтыйт.

Сөзүмдүн аягында, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн мааракесин майрамдоого байланыштуу, Бахрейн Падышалыгы Кыргыз Республикасынын ишенимдүү досу катары иш алып барарын жана эки мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн өнөктөштүктү бекемдөөгө умтулуп жатканын дагы бир жолу белгилегим келет. Биздин биргелешкен жолубуз уланууда жана биз чакырыктарды жеңүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү чогуу пайдаланабыз.

Эгемендүүлүк күнүнүн кезектеги мааракесинде Кыргыз Республикасына мындан аркы прогресс, гүлдөп өнүгүү жана ийгиликтерди каалайм".

Пикир

Оставить комментарий