• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарын облусу 2 ГИС маалымат сервисине кошулду

Аймак 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан баштап Нарын облусу 2 ГИС маалымат сервисине кошулду. Башкача айтканда, мындан ары уюлдук телефонуңузга 2 ГИС мобилдик тиркемесин көчүрүп алуу менен облустун картасын ачып, издеген дарегиңизди навигатор менен таап бара аласыз.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аталган багытта жумуштар 4 айда жасалып бүткөн.

Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Реформалар, санариптик өнүктүрүү жана креативдүү экономика башкармалыгынын башчысы Шабдан Абдырайым уулу билдиргендей, Нарын облусунун маалымат сервиси 1-сентябрдан баштап толугу менен ишке кирди. Картада облустагы бардык даректер, обьектилер, туристтик жайлар, транспорт каттамдары, жол чийиндери, жол белгилеринен бери камтылды. Жумуш көлөмдүү болгонуна карабай аз убакытта натыйжалуу бүткөрүлдү.

Күн мурун, 5-сентябрда президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө маалымат сервиси презентацияланып, жагымдуу жаңылык коомчулукка кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий