• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ош аэропортунун учуу-конуу тилкеси 400 метрге узартылды

Аймак 0

Бишкек. 02.04.19 /Кабар/. Ош эл аралык аэропортунун конуу-учуу тилкеси мурда 2800 метрди түзсө, ага 400 метр кошулуп, узартылды. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы кабарлады.

Азыр аэропорттун учуу-конуу тилкесинин жалпы узундугу 3212 метрди түзөт.

Эми аэропорт Boeing 767-300, Boeing 737-800, Airbus A320 үлгүсүндөгү учактарды кабыл ала алат.

Эске салсак, Ош аэропорттун конуу тилкеси 2012-жылы 200 метрге узартылган болчу.

Пикир

Оставить комментарий