• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасы башталды

Аймак 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-февраль күнү, Жалал-Абад облусундагы мектеп окуучуларынын арасындагы предметтик олимпиада башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынактар Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинде өтүп жатат. Ага район-шаарлардан тандалган 300дөн ашуун окуучу 12 предметтин түрлөрү боюнча жарыштан өтүшөт.

Олимпиаданын ачылуу аземине президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, Билим берүү министрлигинин алдындагы билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун кызматкерлери катышты.

Облус башчысынын орун басары предметтик олимпиаданын калыстар тобуна билими жогорку окуучуларды татыктуу баалоого чакырды. Буга чейинки коомчулуктагы нааразычылыктарды эске алуу менен коррупциялык көрүнүштөрдөн оолак болуу зарылдыгын эскертти. Ана катар окуучуларга ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий