• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде жыл башынан бери 52 ишкер 1 млн сомго чейин грант ала алышты

Аймак 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Баткенде 52 ишкер 1 млн сомго чейин гранттарды алышты. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчулүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы "Жаңырейшн аймак" демилгесинин алкагында жергиликтүү калктын ишкердигин колдоо максатында гранттарды берүү демилгеси аталган уюмдун пандемиянын кесепеттерин азайтуу боюнча иш-аракеттеринин уландысы болуп жатат.

Баткен облусунда жергиликтүү бизнес демилгелерди колдоого багытталган долбоорго үстүбүздөгү жылдын башынан бери жалпысынан 2 миңден ашык арыз түшкөн.

"Жыйынтыгында 52 жаран бизнес идеяларын ишке ашыруу үчүн 1 млн сомго чейинки кайтарымсыз гранттарды алышты. Мында аялдарга, чет өлкөлөрдөн кайтып келген мигранттарга жана жаштарга өзгөчө көңүл бурулду", - деп айтылат маалыматта.

Долбоор жаңы жумуш орундарын түзүү аркылуу экономиканы туруктуу калыбына келтирүүгө багытталган, анын натыйжасында аймактагы социалдык биримдикке салым кошуу болуп саналат.

Белгиленгендей, грант алуучулардын басымдуу бөлүгү билим берүү, туризмди өнүктүрүү, эмерек, тигүү жана ширетүү,кондитердик цехтерин, техникалык тейлөө станцияларын ачуу, айыл чарба кызматтарын көрсөтүү жана дыйканчылыкты өнүктүрүү жаатында эмгектенишүүдө.

Кызыктуу колдоого алынган бизнес-идеялардын арасында таштандыларды кайра иштетүү, Каравшин капчыгайында альпинисттер үчүн глэмпинг аянтчасын куруу, ошондой эле заманбап окуу залы(китепкана) жана жаштар үчүн эс алуу зонасын түзүү болду.

Пикир

Оставить комментарий