• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү тротуарларды оңдоо иштери 30-сентябрга чейин бүткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү тротуарларды оңдоо иштери 30-сентябрга чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан подряддык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлүп, анда курулуш иштерине тоскоолдук жараткан бак-дарактарды, тирөөчтөрдү жана тосмолорду жылдыруу боюнча маселелер көтөрүлүп, жумуштарды аяктоо мөөнөттөрү талкууланды.

Жалпысынан Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндөгү 21 көчөнү камтыган аймакта иштер жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, курулуш иштерин, айрым бөлүктөрдөн тышкары 30-сентябрга чейин аяктоо пландаштырылууда.

Курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан көчөлөрдүн толук тизмеси менен шилтемеден тааныша аласыздар.

Пикир

Оставить комментарий