• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Бишкек – Кара-Балта жолундагы оңдоо иштерди кийинки жылы бүтүрүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 20.08.19. /Кабар/. Бишкек – Кара-Балта жолундагы оңдоо иштерди кийинки жылы бүтүрүү пландалууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору Шабданбек Иманкулов билдирди.

Анын айтымында, департамент тарабынан 139 чакырым жолду жаңыртуу пландалган.

"Азыркы тапта жумуштун 75%ы бүткөн. 25-сентябрда ишти бүтөбүз деп ойлойм. Бир гана асфальт төшөлбөй, түтүктөр да орнотулууда", - деди ал.

Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорду ишке ашыруу тобунун директорунун милдетин аткаруучу Санжар Асаналиев билдиргендей, алар 6 долбоордун үстүндө иштеп, анын үчөөсү бүтөйүн деп калды.

"Долбоорлордун бири – Бишкек-Кара-Балта жолун оңдоо. Бардык долбоорлор боюнча иш жүрүп жатат. Бишкек-Кара-Балта жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Учурда 23 чакырым жерге асфальт төшөлдү. Быйыл дагы 30 чакырымга асфальт төшөөнү жана долбоорду кийинки жылы бүтүрүүнү пландап жатабыз ", - деди Асаналиев.

Пикир

Оставить комментарий