• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде 54 мектеп жана 48 бала бакча убактылуу иштебей турат

Билим 0

Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-сентябрь саат 10:00гө алынган маалымат боюнча, Баткен шаарындагы билим берүү уюмдары иштеген жок. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен районундагы 54 мектепте жана 48 бала бакчада сабактар убактылуу токтотулду. Төрт мектепке жана алты бала бакчага элдер жайгаштырылган. Жалпы сегиз мектеп жана үч бала бакча жабыркаган. Учурда комиссия келтирилген чыгымды тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Кадамжай районунда “Семетей” лицейинен башка бардык мектептерде сабактар башталды. “Семетей” лицейинде элдер жайгаштырылгандыктан бүгүн бошотулуп жатат. “Кан” - 113, “Солнышко” - 125, “Эдельвейс Гүлү” - 120, “Сумая” жеке бала бакчасы - 70, “Аруу” - 65, “Ажар” - 45 бала бакчаларына элдер жайгаштырылды. Бүгүн элдер жашаган жерине кайтып келе башташты. Мектептер жана бала бакчалар жабыркаган эмес.

Сүлүктү шаарында тогуз мектептин жетисинде окуулар башталды. Кольцо айылындагы мектеп Таджикстан менен чек арага жакын жайгашкандыктан сабактар баштала элек. Лейлектеги №4 орто мектебинде сабактар эртең башталат. Ал эми бала бакчалар иштеп баштады.

Чоң-Алай районундагы 17 мектептин 12синде, 23 бала бакчанын 17синде окуулар башталды.

Эвакуация болгон беш мектеп жана алты бала бакчада окуу эртең башталат. Жабыркаган имарат жок. Мектептерде жана бала бакчаларда убактылуу жайгаштырылган адамдар жок.

Пикир

Оставить комментарий