• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстандагы айрым мектептерде корей тили класстарын ачуу сунушу айтылды

Билим 0

Бишкек, 29.12.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ менен жолугуп, билим жана илим тармагындагы кызматташууну талкуулады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министр өз ара аракеттенүүдөгү жетишкендиктерге канааттангандыгын билдирип, Кыргызстанда кыргыз-корей ресурстук борборунун ачылышына карата айрым мектептерде корей тили класстарын ачууну жана иш-чара өткөрүүнү сунуштады.

Корея тарап биргелешкен долбоорлордун жыйынтыктары, анын ичинде ЖОЖдор менен макулдашуулар жана Кыргызстанды артыкчылыктуу өлкөлөрдүн тизмесине киргизүү тууралуу айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий