• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

10 талапкер адвокаттык ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензия алуу сынагынан ийгиликтүү өттү

Коом 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссиясы адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн кезектеги квалификациялык экзаменин өткөрдү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, экзаменге катышууга квалификациялык комиссиянын чечими менен 36 талапкерге уруксат берилип, анын ичинен 29 талапкер экзаменге катышууга келген. Компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 10 талапкер экзаменден ийгиликтүү өттү.

Экзамен адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү тартибине ылайык, 110 суроодон турган компьютердик тестирлөө формасында өткөрүлөт. 70 жана андан көп пайыз суроолорго туура жооп бергендер квалификациялык экзаменди берген болуп эсептелет.

Квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган адамга Квалификациялык комиссия тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде Юстиция министрлиги тарабынан адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия берилет. Квалификациялык экзаменден өтпөй калган талапкер, аны кайталап тапшырууга алты айдан кийин гана уруксат алат.

Экзаменди ийгиликтүү тапшырган талапкерлер:

  1. Бекназаров Женишбек Мидинович;
  2. Долинский Денис Николаевич;
  3. Жамалов Таирбек Омурзакович;
  4. Кимсанов Нуртилек Манасович;
  5. Кокешова Бермет Тыттыбековна;
  6. Курманалиев Манас Кулалиевич;
  7. Мажинов Тимурлан Темирбекович;
  8. Маликов Аман Джолдубекович;
  9. Нурбек кызы Айгелем;
  10. Хегай Оксана Александровна.

Пикир

Оставить комментарий