• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкекте Медициналык тез жардам балдар ооруканасынын жаңы корпусу курулат

Коом 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар ооруканасынын жаңы корпусун курууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин долбоорлорду жүзөгө ашыруу тобунун директору Нуртазин Жетыбаев билдирди.

Анын айтымында, долбоор Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан ишке ашырылат, болжолдонгон сумма – 30 млн доллар. "Тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 19-ноябрда саат 12:00дө бүтөт. Жаңы хирургиялык корпуста 212 орундуу операция жана реанимация бөлүмү болот", - деди Жетыбаев.

Пикир

Оставить комментарий