• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте беш курулуш компаниянын объектилеринде иш токтотулду. Себеби

Коом 0

Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. Бишкектеги курулуш компаниялары 29-апрелге чейин өз объекттерине атайын техниканын дөңгөлөктөрүн жууган пункттарды орнотууга милдеттендирилген.

Мэриядан билдиришкендей, буйрукту аткарбагындыгы үчүн беш компаниянын объектилеринде курулуш иши токтотулду.

- Буденный көчөсү, 164 дарегиндеги "Гарант Строй Инвест" ЖЧКсы;
- Кийизбаев көчөсү, 24 дарегиндеги "Эмаком” ЖЧКсы;
- Кара-Көл көчөсү, 1 дарегиндеги “О2 Development” ЖЧКсы;
- Ауэзов көчөсү, 5/2 дарегиндеги "МакроГрупп" ЖЧКсы;
-Скрябин көчөсү, 45А дарегиндеги "Аманат Групп Инвест" ЖЧКсы.

"Аманат Групп Инвест" ЖЧКсы атайын пунктарды орнотуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Рейддик иш-чаралар улантылат. Буга чейин борбордогу курулуш компанияларына 61 жазма буйрук берилген”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий