• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкектин борборунда калемгер Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелиги ачылды

Коом 0

Бишкек. 20.11.23. /Кабар/. Бишкектин борборунда Эркиндик бульварында залкар калемгер, Кыргыз эл баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелиги ачылды.

Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, маданият ишмерлери, калемгердин замандаштары, шакирттери жана окурмандар катышты.

Төрага Нурланбек Шакиев жазуучунун өмүр жолуна жана жазган эмгектерине токтолду.

“Түгөлбай Сыдыкбеков чыгармалары аркылуу өзү жашаган доордогу кыргыз калкынын кулк мүнөзүн, жашоо-шартын, көздөгөн максатын жана көксөгөн идеясын көркөм сүрөттөгөн. Адабиятыбыздын алпы катары жаш акын-жазуучулардын бүтүндөй бир мектебин түптөп, көптөгөн шакирттерге устаттык кылган. Ал гана эмес Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков өңдүү калемгерлерге арка-бел болуп, айрым учурда тоталитардык бийликтин камчысынан калкалап турган”, – деди.

Ошондой эле Түгөлбай Сыдыкбеков чыгармачылык чөйрөдө гана эмес, коомдук турмушта да аксакалдык милдетти аркалаганын баса белгилеген Нурланбек Шакиев: “Эне тилин билүү – эң башкы маданият”, – деген залкар жазуучу кыргыз тилинин келечеги үчүн күрөшүп, улуттук баалуулуктарды коргоодо чоң эмгек жумшаган. Катаал системанын каарынан коркпой, элдин эртеңине кам көргөн. Мекенчилдиги жана кайратмандыгы менен калкынын урмат-сыйына татып, көзүнүн тирүүсүндө эле улуттун атасы катары таанылган. Эгемендиктин алгачкы жылдары кеп-кеңешин айтып, журттун башында турган. Андыктан Түгөлбай Сыдыкбеков өзүнө өзү түбөлүктүү эстелик куруп кеткен улуу инсандарыбыздын бири десек жаңылышпайбыз”, – деп билдирди.

Муну менен катар залкар калемгердин чыгармаларын кайрадан басып чыгарып, жайылтуу азыркы муундун милдети айткан төрага адабияттын өнүгүшү коомдун жаңылануусуна жардамчы болорун кошумчалады.

Эскерте кетсек, Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. Өмүрүн чыгармачылыкка арнап, көптөгөн романдарды, поэма, очерк, аңгемелерди жазган калемгер 1997-жылы каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий