• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ак-Бата конушундагы №43 орто мектепке кошумча имарат курулду

Коом 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Ак-Бата жаңы конушунда Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда №43 орто мектепке кошумча имараттын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кошумча имаратта спорт зал, мугалимдер бөлмөсү жана китепкана каралган. Имарат бир кабаттуу, жалпы аянты 651,71 чарчы метрди түзөт.

Белгилей кетсек, кошумча курулушу республикалык бюджеттин эсебинен курулган.

Пикир

Оставить комментарий