• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Баткендин Кара-Булак айыл өкмөтүндө пилоттук негизде “Тазалык” ишканасы ачылды

Коом 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Баткен облусунда пилоттук негизде "Тазалык" ишканасын ачуу демилгеленип, ал Кара-Булак айыл өкмөтүндө ишке ашырылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Ражабалиев аталган ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты.

"Жер-жерлерде "Тазалык" ишканасынын ачылышы айлана чөйрөнүн тазалыгы, жарандардын саламаттыгы үчүн чоң мааниге ээ, ошондой эле жаңы жумуш орундары да түзүлөт. Алдыда бул иш аракетти облус аймагына жайылтабыз. Ошондой эле Дара айыл аймагындагы таштандыны кайра иштетүүчү кичи ишкананын аракетин да айыл аймактарга жайылтуу мүмкүнчүлүктөрү каралууда”, - деди ал.

“Тазалык” ишканасынын ишмердүүлүгүн колдоо максатында Кара-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинен 300 миң сом бөлүнгөн.

Учурда ишканага жетекчи болуп дайындалган Жумабай Осмонов өздүк салым катары өзүнүн жеке унаасын таштанды жыйноо үчүн пайдаланууда.

Белгиленгендей, айыл аймакта ар бир жаранга ай сайын таштанды үчүн 15 сом төлөм бекитилген. Өзүн-өзү каржылоо багытында ачылган ишкана алдыда жумушчулардын санын көбөйтүүнү пландоодо.

Пикир

Оставить комментарий