• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

200гө жакын ыр-күүлөрдү иштеп чыккан — Сагынбек Акматалиевге жазылган некролог

Коом 0

Бишкек, 27.02.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын маданияты жана искусствосу оорду толгус жоготууга учурады.

2022-жылдын 27-февралында 70 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү дирижер Сагынбек Акматалиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Сагынбек Акматалиев 1952-жылы 1-декабрда, Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылында туулган.

1967-жылы — М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында, 1972-1976-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда, андан соң 2005-жылы «Оркестрдин дирижеру» факультетинин профессор Н. Давлесовдун классында окуп, артыкчылык диплому менен аяктаган.

1970- жылы окуп жүргөндө эле К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде музыкант-кыякчы катары эмгектенген. Кийин оркестрдин концертмейстери, «Атай» — атындагы комузчулар ансаблинин жетекчиси болуп иштеп, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде гастролдо болгон.

2005-жылы улуу дирижер А. Жумакматов жана Э. Жумабаевдердин сунуштамасы жана оркестрдин жамаатынын чечими менен оркестрге башкы дирижер жана көркөм жетекчи болуп дайындалып, 2022-жылдын 1-февралына чейин эл аспаптар оркестринин көркөм жетекчиси жана башкы дирижеру болуп эмгектенип келген.

Оркестрдин жана комузчулар ансамблинин курамында көптөгөн союздук жана эл аралык конкурс-фестивалдардын катышуучусу жана лауреаты болгон.

Чебер комузчу-кыякчы катары эле эмес, аранжировщик катарында кеңири белгилүү болуп, эки жолу «Жылдын мыкты аранжировщиги» наамына татыган. Ал оркестр үчүн: «Арман» (Т. Казаков), «Сагындым туулган жер сени» (Р. Абдыкадыров), «Үзүлбөгөн үмүттөр» (С. Жумалиев) жана ошондой эле А. Бедияровдун, Э. Мааданбековдун, А. Керимбаевдин, К. Эралиеванын, А. Бөдөшовдун, Н. Давлесовдун, С. Бактыгуловдун, Т. Чокиевдин жана башка обончу-композиторлордун чыгармаларын, Н. Абдрахмановдун «Соң-Көл баяны», «Алтын балалык», Ш. Шеркуловдун «Жүрөк толкуйт», «Эргиме», А. Огонбаевдин «Маш Камбаркан», А. Бөдөшовдун «Заман закымдары», «Бекназар баатыр арманы», ошондой эле комуз менен кыл-кыяк оркестр үчүн Р. Жумабаевдин «Эрке-Сары», элдик күү «Келиндердин эрке күү», С. Бекмуратовдун «Тон жылкысы» сыяктуу жана башка 200 гө жакын ыр-күүлөрдү иштеп чыккан.

Автор катары «Кыл кыяк» жана оркестр учун «Концертино», комузчулар ансамбли жана оркестр үчүн — «Селкинчек», «Рыспайга таазим» — аттуу кыяк жана оркестр учун вариацияларды жазган.

Сагынбек Акматалиевдин кыргыз улуттук музыкасынын өнүгүп-өсүшүнө кошкон салымы жогору бааланып:

1987-жылы — Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасына;

1994-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти» ардактуу наамына;

2011-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» ардактуу наамына ээ болгон.

Кыргыз Республикасынын эл артисти Сагынбек Акматалиевдин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысына ортоктош болуп, тең бөлүшөбүз.

С.Жапаров, А.Жапаров, С. Касмамбетов, Э.Байсалов, А.Эргешов, А.Жаманкулов, Д. Ашимова, Ж.Бакиров, С. Аманова, К.Иманалиев, К.Осмонов, С. Токтакунова, С. Садыкова, С. Жумалиев, А.Ибраев, Н.Табалдиева, К.Турапов, Т.Чокиев, М. Бегалиев, Т.Казаков, Е.Кузнецов, А.Озубеков, Б.Куланбаев, Н.Абдыкадыров, Н.Асанбеков, А.Абдыкалыков, Садык Шер-Нияз, С. Раев, Ж.Кулмамбетов, Т.Усубалиев, М.Чотонов, Т.Абдырахманов, А.Текешев, З.Петренко, Л.Любомудрова, А.Адали, А.Кулинский, М. У. Алышбаев, К.Турапов, М.Бектеналиев ж. б.

Пикир

Оставить комментарий