• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ТИМ: Украинадагы кыргызстандыктардын тобу чек арадан өтүп, Польша жана Молдовага келишти

Коом 0

Бишкек, 27.02.22. /Кабар/. Украинадагы кыргызстандыктардын тобу чек арадан өтүп, Польша жана Молдовага келишти, - деп билдирет КР ТИМдин маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, Украинада аба байланыш боюнча чек араларынын жабылышына байланыштуу, КР Тышкы иштер министрлиги Украинанын аймагында өзгөчө кырдаал киргизилгендигинен улам Украинанын аймагынан чыгууну каалаган КРнын жарандарын эвакуациялоо иштерин улантууда.

Кыргызстандын жарандарын Украинанын аймагынан алып чыгуу боюнча бардык жардам корсөтүү тууралуу министрликтин тапшырмасына боюнча, Украинадагы Ардактуу консулдук көмөгү менен кыргызстандыктардын тобу украин-польша чек арасынан өтүштү, азыркы кезде жарандар коопсуз аймак болгон Польшага келишти. КРнын Польшадагы Ардактуу консулу тарабынан алар мейманканага жайгаштырылды.

Ошондой эле украин-молдова мамлекеттик чек арасынан өткөн КРнын жарандары Кыргызстандын Молдовадагы Ардактуу консулунун көмөгү менен азыркы кезде Молдовада мейманканаларга жайгаштырылды.

Мындан сырткары, элчилик тарабынан КРнын Украинадагы Ардактуу консулдарынын жана Украинанын аймагында жашаган кыргыздардын активисттеринин жардамы менен коопсуз турак жайы жок Кыргызстандын жарандары үчүн атайын жайлар ырасталууда:

- Кыргызстандын Киевдеги элчилигинин аймагында, Киев шаары, Печерский району, Редутный проспектиси 19/34 дареги боюнча;

- Львов шаары, Полская көчө 6 дареги боюнча,

- Одесса шаары, Варненская көчө 3а дареги боюнча.

Ошол эле учурда Украинанын бүткүл аймагында карама-каршы тараптардын ортосунда согуштук аракеттер уланып жатканына көңүлүңүздөрдү бурабыз, бул жолго чыгууда жеке коопсуздукка коркунуч келтириши мүмкүн.

Министрлик Украинанын аймагындагы кырдаал жөнгө салынганга чейин жашаган жерлерде болууну сунуштайт.

Ошону менен бирге коопсуз турак жайларда жашаган мекендештерибизге жайгашкан жеринде калууну сунуштайт.

КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде жана КРнын Украинадагы элчилигинде консулдук-укуктук жана башка консультацияларды берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштеп жаткандыгын дагы эскертип кетебиз.

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:

+380997573413,

+380442370346,

+380442370348, ошондой эле элчиликтин «WhatsApp» тобу;

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти

+996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери;

+996 703 428 865

+996 709 983 465, +996 554 065 215.

.

Пикир

Оставить комментарий