• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

УКМК Көлбаевдин УКТ мүчөлөрүнөн Ысык-Көлдөгү коттедждери менен соода борборун аныктады

Коом 0

Бишкек, 19.10.23. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Камчы Асанбектин (Көлбаевдин) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнөн Ысык-Көлдөгү коттедждер менен соода борборун аныктады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында УКМК К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө карата "кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)" фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар кыймылсыз мүлк объекттери аныкталган:

1. «Илбирс-Саадат» эс алуу борборундагы коттедж;

2. Чолпон-Ата шаарындагы соода борбору;

3. «Коста Браво» эс алуу борборундагы коттедж;

4. «Бурана Резорт» эс алуу борбору.

Учурда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.

Пикир

Оставить комментарий