• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Акылбек Жапаров Төө-Ашуу аймагына байкоочу аянтча курууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 19.10.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Төө-Ашуу ашуусундагы К. Көлбаев атындагы туннелдин абалы менен таанышты.

Таанышуу учурунда министрлер кабинетинин төрагасы Транспорт жана коммуникациялар министрлигине бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде бул ашуудан өткөн айдоочулар жана туристтер үчүн тийиштүү шарттарды жана эс алуу жайларын түзүү.

Мындан тышкары, анын туристтик потенциалын жакшыртуу максатында министрлер кабинетинин төрагасы ашуунун аймагында туристтер жана республиканын тургундары үчүн байкоочу аянтчасын курууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий