• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги Ботаникалык бакты көрктөндүрүү жана оңдоо иштери жүрүүдө

Коом 0


Бишкек, 19.10.23. /Кабар/. Президенттин тапшырмасын аткаруу максатында Бишкектеги Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бакты көрктөндүрүү жана оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, жобого ылайык бул жерде суу түтүктөрү жаңыланып, электр чубалгылары тартылат. Ошондой эле союз маалында курулуп, жарактан чыккан лабораториясы жаңыдан курулат.

"Шаар тургундары үчүн ботаникалык бакта өстүрүлгөн гүлдөр сатылат, ал үчүн атайын гүл дүкөндөрү жана унаа токтотуучу жай курулууда", - деп жазды ал.

Пикир

Оставить комментарий