• 87
  • 90.41
  • 0.84

100 миң сом талап кылган. ИИМ кызматкери пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Пара талап кылуу фактысы боюнча КР Ички иштер министрлигинин кызматкери кармалды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 12-ноябрында УКМК КР ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жатканда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери «З.Ж.А.» кармалды.

Кармалган адам арыз ээсине карата сотко чейинки процессте жоопко тартылбаганы үчүн 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгүндө («Пара талап кылуу») каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган адам КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий