• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте унаага жасалма номер тагып алган айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Бишкекте Toyota RAV4 унаасына жасалма номер тагып алган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-октябрда саат 03:30дар чамасында “102” кызматына Жукеева-Пудовкин менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жасалма номер тагылган Toyota RAV4 унаасы тууралуу маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жөнөтүлгөн. Жеринде аталган унаанын 32 жаштагы К.С аттуу айдоочусу мас абалында болгон. Анын унаасынын номерин жасалмага алмаштырып алганы аныкталган.

Аталган унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочусу андан ары чара көрүү үчүн Октябрь райондук тергөө кызматына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий