• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

100 жылдыктын алкагында ачылган ишканалар жакынкы келечекте өз натыйжасын көрсөтөт – Төлөнбек Абдыров

Коом 0

Бишкек, 30.08.24. /Кабар/. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында ачылып жаткан ишканалар миңдеген жумуш ордун түзүү менен жакынкы келечекте өз натыйжалуулугун көрсөтүп, экономиканы туруктуу өнүктүрүү багытында жакшы жыйынтык берет. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров билдирди.

Анын айтымында, негизгиси мамлекет көп жылдан бери өнөр жай ишканаларын ачуу сыяктуу иш-аракеттерди аткарбай, ишкерлерге тиешелүү шарт түзүп бербей жүрө бериптир, кыла турган болсок колдон келет экен. Акыркы кездерде бюджетке акча түшүп, ошол түшкөн акчадан мамлекет инфраструктураны жакшыртуу менен бирге ишкерлерге жакшы шарттарды түзүп берүүдө.

“Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата мамлекетибизде 100 ишкана, 250 миң жумуш ордун түзүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, Кыргызстандын бардык аймактарында кичи, чоң ишканалар четинен ачылууда. Мында өкмөт негизги талап катары өндүрүш компанияларын ачууга басым жасап, бары акырындык менен ишке ашып жатат. Бүгүнкү күнгө чейин 50гө жакын ишканалар ачылды, жылдын аягына чейин дагы калгандары ачылат деген чоң ишеним бар. Чоң ишканаларды айта турган болсок, Чүй облусунун Москва районунда "Тулпар моторс" автоунаа чогултуучу заводу, Кара-Балтада текстилдик завод ишке кирди. Бишкекте жүк ташуучу унааларды чогултуучу, кондитердик азыктарды чыгаруу боюнча ишканалардын ачылышы күтүлүүдө”, - деди Абдыров.

Экономист белгилегендей, "Кыргыз индустрия" ачык акционердик коомунун алкагында дагы бир топ компаниялар ачылганы турат.

"Мында каржылоо максатында ишкерлерге жеңилдетилген насыялар, атайын бөлүнгөн каражаттар берилип, бирок салык жагынан талаптар коюлууда. Мамлекет шарт түзүп, ишкерлер салыктарды убагында төлөп, ишин ачыктап турса, бюджетке да акча түшүп турмак. Ушундай жеңилдиктердин аркасынан ар кандай ишканаларды ачканга мүмкүнчүлүктөр жаралууда деп айтсак болот. Алдыда эгемендүүлүк күнүн утурлай 39 өнөр жай объектисинин ачылышы пландалууда. Жогорудай атылган 100дөн ашык өнөр жай ишканаларынын толугу менен ачылып, иштеп кетүүсүнө чоң ишеним бар. Ушуну менен эле чектелип калбастан, кийинки жылдары дагы ушундай темп менен өндүрүш ишканаларынын ачылышына көңүл бурулуусу зарыл", - деди ал.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын башынан бери реалдуу жана социалдык тармакта 44 ишкана ачылган. 31-августка карата 39 өнөр жай ишканасынын ачылышы күтүлүүдө. Ал эми жылдын аягына чейин республика боюнча 130дан ашык өндүрүштүк жана социалдык объектилердин ачылышы пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий